Киевде йод таблеткалары таратылды

Йод таблеткалары радиациялык коркунуч жаралган учурда колдонулат.

1888782
Киевде йод таблеткалары таратылды

Украинанын борбор шаары Киев жана баш калаага караштуу аймактардагы эвакуация борборлоруна радиация коркунучуна каршы йод таблеткалары жөнөтүлдү.

Киев мэриясынын билдирүүсүндө, радиациялык коркунуч жаралган учурда колдонула турган йод таблеткаларынын борбордогу жана анын аймагындагы эвакуация пункттарына жеткирилгени айтылды.

Белгиленгендей, мэрия радиациялык коркунучка каршы йодду жетиштүү өлчөмдө камсыздайт.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.



Тектеш кабарлар