Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Прагада чогулат

Европа котинентиндеги өлкөлөрдүн лидерлери биринчи жолу  боло турган Европа Саясий Коомчулугу жыйынынын  алкагында Чехиянын борбор шаары Прагада эртең жолугушат.

1888786
Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Прагада чогулат

Европа котинентиндеги өлкөлөрдүн лидерлери биринчи жолу  боло турган Европа Саясий Коомчулугу жыйынынын  алкагында Чехиянын борбор шаары Прагада эртең жолугушат.

Европа Биримдигинин 27 өлкөсү менен бирге Европа Биримдигине мүчө болбогон Европанын 17 өлкөсү  чакырылган жыйынга Президент Режеп Таййип Эрдогандын да катышуусу күтүлүүдө.

Түркия тышындагы Европа Биримдигине мүчө болбогон чакырылган өлкөлөр Британия, Норвегия, Украина, Албания, Армения, Азербайжан, Босния  -  Герцеговина, Грузия, Исландия, Косова, Лихтенштейн, Молдова, Черногория, Түндүк Македония, Сербия жана Швейцариядан турат.

Европа Саясий Коомчулугу пикирин  Франциянын президенти Эммануэль Макрон сунуш кылган. Макрондун сунушу Европада Европа Биримдигинен дагы кенен бир саясий түзүлүштүн  турмушка ашырылышын камтууда.

Бул жаңы бир эл аралык мекеме катары эмес, эң көп «саясий талкуу платформасы» катары ойлонулган жаңы платформада Россиянын 24 -  февралда баштаган кол салуусунан кийин Украинада согуштун  таасири, Европа континентинде коопсуздук жана туруктуулук, энергетика, экономика, соода, транспорт, санкциялар, структура сыяктуу бир топ маселенин сөз болушу максат кылынууда.

Коомчулуктун 6 айда бир лидерлер деңгээлинде жолугушуу өткөрүшү күтүлүүдө.

Европа Саясий Коомчулугунун Прагадагы биринчи жыйынына Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видеоконференция аркылуу катышуусу күтүлүүдө.

Биринчи жыйындын акырында расмий бир билдирүүнүн жарыяланышы жана расмий чечимдердин чыгарылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар