АКШдан Украинага жаңы жардам

Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1888491
АКШдан Украинага жаңы жардам

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Украинага 625 миллион долларлык жаңы коопсуздук жардамын жарыялады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын эч качан Орусиянын Украинаны аннексиялоосун тааныбай турганын баса белгилеген Байден, Украинага жардамдарын ар дайым уланта тургандарын айтып, бул өлкө үчүн 625 миллион долларлык жаңы коопсуздук жардамын жарыялады.

Жардам пакетинде HIMARS көп стволдуу ракета аткычтар, замбирек системалары менен курал-жарактар ​​жана аскердик ок-дарылар камтылганын билдирген Байден, Орусиянын аннексия аракетин колдогондорго каршы катаал санкцияларга ар дайым даяр экенин белгиледи.

АКШнын президенти ошондой эле Стамбулда кол коюлган Украина данынын эл аралык рыногун камсыздаган дан коридору келишиминин ийгилигин кубаттаганын белгилеп, Украинанын эркиндиги жана демократиясы үчүн эл аралык аракеттерди ар дайым колдой тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар