Орус күчтөрү Украинада ооруканага кол салды

Губернатор Синегубо кол салууда анестезиологдун каза болгонун, бир медайымдын жараланганын билдирди.

1888056
Орус күчтөрү Украинада ооруканага кол салды

Украинада орус күчтөрүнүн Харьков облусунун Купянск шаарындагы ооруканага жасаган  ракеталык чабуулунан бир анестезиолог каза болуп, бир медайым жаракат алды. Харьков аймагынын Аскердик башкаруусунун губернатору Олег Синегубо социалдык медиа эсебинен жарыялаган билдирүүсүндө оорукананын чоң зыянга учураганын, куткаруу топторунун иштерин улантып жатканын белгиледи.

Губернатор Синегубо кол салууда анестезиологдун каза болгонун, бир медайымдын жараланганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Купянск шаарындагы оорукананын башкы имаратында өрт чыкканын айтып : "Душман элди аесуз түрдө коркутууну улантууда. Бирок ар бир баскынчы элибизге, шаарларыбызга жасалган кол салууга жооп кайтарыларын билиши керек. Сөзсүз түрдө расисттердин кыямат күнү келет",- деди. 

Купянск шаары өткөн айда украин армиясы баштаган контрчабуулда орус аскерлеринен кайтарылып алынган. Шаар украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө болгону менен  айланасында кагылышуулар улантылууда.  ​​

 



Тектеш кабарлар