Орус аскерлеринен кайтарылып алынган конуштар

Украин армиясы Харьков, Херсон жана Донецк облустарында орус аскерлерине каршы чабуулун баштаган.

1888345
Орус аскерлеринен кайтарылып алынган конуштар

Украин армиясы Херсон облусунда 4 конушту жана Харьков облусунда бир конушту орус күчтөрүнөн кайтарып алды.

Украин басма сөзүндө орун алган кабарда, Херсон аймагындагы Давидив Брид, Старосилля, Новопетривка, Дудчани отурукташуу жерлеринин көзөмөлүнүн кайрадан Украинага өткөнү белгиленди.

Харьков облусунун Богуславка айылынын да орус аскерлеринен кайтарылып алынганы айтылды.

Бир тараптан украин күчтөрүнүн конуштарга киришин көрсөткөн көрүнүштөр социалдык медиада жарыяланды.

Украин армиясы Харьков, Херсон жана Донецк облустарында орус аскерлерине каршы чабуулун баштаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээки билдирүүсүндө, сентябрдан бери Харьковдо 450дөн ашуун конуштун орус аскерлеринен кайтарылып алынганын маалымдаган. 



Тектеш кабарлар