Германия Польшанын талабын четке какты

Бербок 7-Варшава коопсуздук форумунун алкагында Польшанын борборуна визити учурунда пресс-конференция өткөрдү.

1888384
Германия Польшанын талабын четке какты

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Польшанын Экинчи дүйнөлүк согуштан улам компенсация төлөнүшү талабын кескин түрдө четке какты.

Бербок 7-Варшава коопсуздук форумунун алкагында Польшанын борборуна визити учурунда пресс-конференция өткөрдү.

Өз өлкөсү менен Польшанын ортосундагы Экинчи дүйнөлүк согуш компенсациясы маселесине токтолгон Бербок кесиптеши Збигнев Рауга кайрылып: «Германия өкмөтүнүн көз карашы боюнча, компенсация темасы өзүңүздөр билгендей жабылган»,- деди.

Рау кечээ болжол менен 1,3 триллион евролук компенсацияны талап кылган расмий нотага кол койгон болчу.

Германия согуштан кийинки жылдарда Чыгыш блок өлкөлөрүнө кун төлөп, Польшага жер берилгенин эске салууда.



Тектеш кабарлар