Эквадордогу түрмөдө кагылышуу: 15 киши каза болду

Абактагылар бири-бирине курал-жарак жана бычак менен кол салышты.

1888077
Эквадордогу түрмөдө кагылышуу: 15 киши каза болду

Эквадордун Латакунга түрмөсүндө чыккан кагылышууда 15 киши каза болуп, 20 киши жаракат алды.

Баш калаа Китодогу Латакунга түрмөсүндө абактагылар бири-бирине курал-жарак жана бычак менен кол салышты.

Улуттук түрмө мекемесинин билдирүүсүнө караганда, кагылышууда 15 киши каза болуп, 20 киши жаракат алды.

Кагылышуудан кийин айрым туткундар абактан качып бара жатканда коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалды.

Өткөн жылы өлкөдөгү абактарда 316, быйыл болсо 90 адам каза болду.

Абактардагы зордук-зомбулуктардын комплекстүү саясаттын жоктугунан, терс жагдайлардан жана бийликтин кайдыгерлигинен келип чыгууда деп айтылат.



Тектеш кабарлар