Дибейбе Түркия менен кол коюлган келишимдерге ыраазы

Абдулхамид Дибейбе Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркия менен Ливия элинин кызыкчылыктарына кызмат кылган келишимдерге кол койгондору үчүн кубанычта экендиктерин белгиледи.

1888089
Дибейбе Түркия менен кол коюлган келишимдерге ыраазы

Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбе өлкөсүнө расмий сапар жасаган түрк делегациясын тосуп алуудан жана алар менен кол коюлган келишимдерге ыраазы экенин билдирди.

Абдулхамид Дибейбе Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркия менен Ливия элинин кызыкчылыктарына кызмат кылган келишимдерге кол койгондору үчүн кубанычта экендиктерин белгиледи.

Өлкөсүндө боло турган шайлоолорго керектүү эл аралык колдоону мобилизациялоо темасында түрк делегациясы менен макулдашкандарын баса белгилеген Дибейбе: «Элибиздин достугун каалап, өлкөбүздүн ынтымагын сыйлагандар кош келипсиздер»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, соода министри Мехмет Муш, Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындан турган делегация бир күндүк иш сапары менен кечээ Ливиянын борбор шаары Триполиге барган.

Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы Мухаммед ел-Менфи, премьер-министр Абдулхамид Дибейбе, тышкы иштер министри Некла Менгуш жана Ливиянын Мамлекеттик жогорку кеңешинин төрагасы Халид ел-Мишри менен жолугушуулар өткөрүлүп, Ливия тарап менен көмүр суутектери боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумдарына жана протоколдорго кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар