Нигерияда маймыл чечеги

Эпидемия борбор шаар Абуджа менен бирге 32 облуста да жайылышын улантып жатат.

1887608
Нигерияда маймыл чечеги

Нигерияда маймыл чечек вирусунан каза болгондордун саны 19га, жуктургандардын саны 318ге жетти.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, вирустун акыркы бир аптада 41 кишиде аныкталганы белгиленди.

Маймыл чечекке чалдыккандардын саны 318ге, вирустан каза болгондордун саны 19га жеткени кабарланды.

Билдирүүдө эпидемиянын борбор шаар Абуджа менен бирге 32 облуста да жайылышын улантканы айтылды.

Эндемикалык вирус себептүү сейрек оорулардын бири болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп 2ге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кээде адамдан адамга жугуучу вирус дене табын көтөрүп, кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.



Тектеш кабарлар