Макрон менен Зеленский сүйлөшүү өткөрдү

Эммануэль Макрон сүйлөшүүдө Орусиянын мыйзамсыз түрдө Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарын аннексиялоосун айыптады.

1887572
Макрон менен Зеленский сүйлөшүү өткөрдү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү.

Елисей сарайынан берилген маалыматка караганда Эммануэль Макрон сүйлөшүүдө Орусиянын мыйзамсыз түрдө Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарын аннексиялоосун айыптады.

Макрон өлкөсүнүн Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө жардам берүүгө жана европалык өнөктөштөрү менен Орусияга каршы жаңы санкциялардын үстүндө иштөөгө чечкиндүү экенин айтты.

Сүйлөшүүдө эки лидер Запорожье атомдук станциясынын абалын да талкуулашса, Макрон станциянын башкы директору Ихор Мурашовдун орус күчтөрү тарабынан кармалышын айыптады.

Макрон менен Зеленский кыска мөөнөттө бул станциянын иштешин жана коопсуздугун сактаган украиналык кызматкерлердин ротациясын камсыз кылуу зарыл экенин белгилешти.



Тектеш кабарлар