Ири астероид Жерге жакындап келе жатат

Бул астероиддин коркунуч туудурбаганы белгиленди.

1887585
Ири астероид Жерге жакындап келе жатат

Диаметри болжол менен жарым километр болгон астероиддин Жерди көздөй жылып баратканы, бирок коркунуч жаратпай турганы билдирилди.

Орусиянын Келдыш прикладдык математика институтунун илимпоздору социалдык медиа баракчаларынан жасаган билдирүүсүндө: «1-октябрга караган түнү Орусиянын түштүгүндөгү эки обсерватория Жерге жакындап келе жаткан жаңы астероид 2022-SE37нин аныкталганын ырасташты»,-деп айтылды.

Бул астероиддин коркунуч туудурбаганы белгиленди.

ТАСС агенттигине маалымат берген астроном Юрий Балега: «Бул Жердин айланасында буга чейин аныкталган 30 миң астероиддердин бири. Ал биздин планетадан миллиондогон километр алыстыкта ​​учуп жүрөт жана Жерге эч кандай коркунуч туудурбайт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар