Дума Украинанын 4 аймагын аннексиялоону жактырды

Думада өткөн сессияда Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын Орусияга кошуу боюнча мыйзамдар каралды.

1887864
Дума Украинанын 4 аймагын аннексиялоону жактырды

Орус парламентинин төмөнкү палатасы Дума Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын Орусияга кошуу боюнча мыйзамдарды кабыл алды.

Думада өткөн сессияда Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын Орусияга кошуу боюнча мыйзамдар каралды.

Каралып жаткан мыйзамдарды депутаттар Думадагы добуш берүүдө бир добуштан кабыл алышты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Крым 2014-жылы Орусиянын аймагына киргизилгенин белгилеп: «Бул процесс орус жерлерин бириктирүүнүн логикалык уландысы болду», - деди.

АКШнын Украинаны Орусия менен согуш куралына айландырганын билдирген Лавров, мунун «Адольф Гитлердин Советтер Союзуна каршы аракетине окшош экенин» белгилеп: «Батыштын пландары азыр да ошол кездегидей ишке ашпайт»,-деди.

Лавров алар «күтүлбөгөн» коркунучтарга жооп берип, орус чек араларын коргоп жатканын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын Орусияга кошуу боюнча документтерге 30-сентябрда кол койгон.



Тектеш кабарлар