Зеленский : "Лиман шаары толугу менен тазаланды"

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк аймагындагы стратегиялык маанилүү Лиман  шаарынын орус аскерлеринен тазаланганын билдирди.

1887339
Зеленский : "Лиман шаары толугу менен тазаланды"

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк аймагындагы стратегиялык маанилүү Лиман  шаарынын орус аскерлеринен тазаланганын билдирди.

Зеленский социалдык медиа баракчаларында бөлүшкөн кыска видео кайрылуусунда Лиман шаарынын жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30да орус күчтөрүнөн толугу менен тазаланганын айтты.

Украинанын президенти кечээ кечинде берген билдирүүсүндө портто Украина желеги желбиреп турганын, бирок шаарда кагылышуулар уланып жатканын билдирген.

Коргоо министрлиги  болсо кечээ украин аскерлеринин Лиман шаарына  киргенин жарыялаган.

Россиянын Коргоо министрлиги болсо : "Союздаш күчтөр курчоого алынуу коркунучунан улам Красны Лиман конушунан ыңгайлуу жерге чегинди",- деп билдирди. 

 



Тектеш кабарлар