Катар - Иран ортосунда өзөктүк сүйлөшүү

Катар менен Ирандын тышкы иштер министрлери АКШ  менен Ирандын өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрүн талкуулашты.

1887285
Катар  -  Иран ортосунда өзөктүк сүйлөшүү

Катар менен Ирандын тышкы иштер министрлери АКШ  менен Ирандын өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрүн талкуулашты.

Катардын расмий KUNA агенттигинин кабарына караганда, Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Сани ирандык кесиптеши Хусейн Эмир Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Тегеран менен Вашингтондун өзөктүк келишимди жандантуу боюнча биргелешкен иш планынын кайтарылышына байланыштуу өнүгүүлөр жана сүйлөшүүлөр менен эки тараптуу карым - катнаштардын каралгандыгы  белгиленди.

Ал Сани  Катардын Иран менен АКШнын ортосунда өзөктүк келишимдин кайрадан ишке киришин жана бардык тараптардын тынчсызданууларын  эске алуу менен адилеттүү келишимге кол койо турган келишимдин түзүлүшүн каалагандыгын баса белгиледи. 

АКШ 2018 -  жылы бир тараптуу чыккан өзөктүк келишимдин кайрадан жандандырылышы үчүн Вашингтон жана Тегеран башкаруулары 2021 -  жыл апрель айынан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

 


 



Тектеш кабарлар