Зеленский : "Жеңиш үчүн иштеп жатабыз"

Зеленский соцтармактардан жарыялаган видео билдирүүсүндө күн тартиби тууралуу баа берди.

1887106
Зеленский : "Жеңиш үчүн иштеп жатабыз"

Украинанын президенти Владимир Зеленский жеңиш үчүн иштеп жаткандарын айтты. 

Зеленский соцтармактардан жарыялаган видео билдирүүсүндө күн тартиби тууралуу баа берди. 

Украина күчтөрүнө ыраазычылык билдирген Зеленский : "Бардык жерлерибизди бошотушубуз керек. Бул эл аралык укуктун жана адамзаттык баалуулуктардын Россиядай текебеп  бир мамлекет тарабынан да бузула албай турганынын мыкты бир далили болот",- деди. 

Украина лидери Россиянын 4 аймакты аннексиялашынан улам чукул чогулган Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Кеңешине байланыштуу : "Бүгүн Украина өзүн коргоо чечимин кабыл алды. Баары турмушка ашырылат. Жеңишибиз үчүн иштеп жатабыз",- деди. 

Ошол эле учурда Украина армиясынын Донецк аймагында орун алган жана узун убакыттан бери орус күчтөрүнүн колунда болгон Лимен шаарына карай  алдыга жылууну улантып жаткандыгы билдирилди. 

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш тобунун өкүлү Сергей Череватий орус аскерлеринин Порт шаарында курчоого алуу иштери аяктоо баскычында экенин билдирди.

Расмий булактар ​​азырынча билдирүү жасай элек болсо да, жергиликтүү басма сөздө шаардагы орус аскерлери Украинанын курчоосунда деп айтылууда.

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган. 

 

 



Тектеш кабарлар