Украина : "5 миңге жакын орус аскери курчоого алынды"

Донецк аймагындагы Лиман шаарында 5 миңге жакын орус аскеринин курчоого алынгандыгы жана Украина күчтөрүнүн шаардан чыгуу жолдорунун дээрлик баарынын жабылгандыгы билдирилди.

1887167
Украина : "5 миңге жакын орус аскери  курчоого алынды"

Украинанын  Донецк аймагындагы Лиман шаарында 5 миңге жакын орус аскеринин курчоого алынгандыгы жана Украина күчтөрүнүн шаардан чыгуу жолдорунун дээрлик баарынын жабылгандыгы билдирилди.

Украинанын Луганкс аймактык башкаруусунун башчысы Сергей Хейдай Твиттер баракчасынан берген билдирүүсүндө украин күчтөрүнүн порт шаарынын айланасында баштаган каршы чабуулуна баа берди.

Хейдай билдирүүсүндө : «5 миңге жакын орус аскери курчоодо калды. Украина коопсуздук күчтөрү дээрлик бардык  чыгуучу жолдорду жана ок  - дары өткөрүүчү жолдорду кжапты. Лимандын баскынчылыктан куткарылышынан кийин кезек Луганск облусуна келет»,- деди.

Бир тараптан Украина куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш группасынын өкүлү Сергей Череватий Лиман шаарына жакын Ямпил, Новоселивка, Шандрихолово, Дробишево жана Ставки конуштарынын кайра алынганын жарыялады.

Череватий кечээги билдирүүсүндө орус аскерлеринин Лиман шаарында курчоого алуу иштери аяктоо баскычында экенин билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул койгон.



Тектеш кабарлар