Россиядан Италияга жаратылыш газ агымы токтоду

Италиянын энергетика компаниясы ENI орус энергетика компаниясы Газпромдон газ агымы бүгүнтөн тарта токтогондугун билдирди.

1887189
Россиядан Италияга жаратылыш газ  агымы токтоду

Италиянын энергетика компаниясы ENI орус энергетика компаниясы Газпромдон газ агымы бүгүнтөн тарта токтогондугун билдирди.

ENIнин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Газпром бүгүнкү күндө керектүү көлөмдөгү газды бере албасын билдирди. Австрия аркылуу газ агымынын мүмкүн эместиги белгиленди. Андыктан бүгүн Тарвисио кирүү пункту аркылуу ENIге орус газы өткөрүлбөйт. ENI газ өткөрүлө турган болсо жаңылоо өтөт",- деди. 

Бул темада Италиянын ANSA агенттиги менен сүйлөшкөн ENI жооптуусу Газпромдун бүгүнкү күнгө чейин ENIге газ агымын камсыздай албаганын белгилеп, Австриянын газды Словакия аркылуу жеткирип жатканын жана газ агымын Италиядан кайра баштоо үчүн Газпром менен байланышта экенин айтты.

Италия басма сөзүндө орун алган кабарда, учурда Россиядан Италияга газ агымын жалпы газ менен салыштырганда 10 пайыздан аз экени, Тарвизиодогу өткөргүч пунктундагы үзгүлтүккө учураса чоң өзгөрүүгө себеп болбой турганы белгиленди. 

Россиянын 24 - февралдагы Украинага каршы согушунан кийин Италия газ берүүнү диверсификациялоо аракетине өткөн. Алжир жана Ангола сыяктуу өлкөлөр менен газ сатып алууларын көбөйткөн Италия июль айынан тарта орус газына болгон көз карандылыгын 40 пайыздан 25 пайызга түшүргөн.

 

 

 



Тектеш кабарлар