АКШ менен Ф - 16 тууралуу сүйлөшүүлөр

Түркия менен АКШнын  ортосунда Ф -16 согуштук учактары боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

1887084
АКШ менен Ф  - 16  тууралуу сүйлөшүүлөр

Түркия менен АКШнын  ортосунда Ф -16 согуштук учактары боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) тышкы байланыштар боюнча төрага орун басары Эфкан Ала башчылык кылган делегация АКШда жолугушууларды өткөрүп, Вашингтондо өзгөчө бул темада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Буга чейин май айында Вашингтонго барган жана жалпы 25 конгресс мүчөсү менен сүйлөшкөн делегация бул жолу да Тексас сенатору Тед Круз да араларында болгон 2  сенатор жана 14 дупатат менен жолугушту. 

Түркиянын Вашингтон элчилигинде журналисттер менен жолугушкан делегация мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдө Түркияга Ф  - 16  согуштук учактарын сатуу жана модернизациясы тууралуу абалдын пайда болгонун белгилешти.

Делегациянын башчысы Эфкан Ала да конгресстеги айрым топтордун Ф -16ларды сатууга шарт коюу аракетин сынга алды.

Эфкан Ала : "АКШ Конгрессинин эки НАТО  союздашы болгон Түркия менен Грецияга карата адилеттүү жана бирдей аралыкты сактоосун, Эгей маселелери тууралуу да өлкөбүздүн жоопкерчилигине  сый көрсөтүүсүн жана НАТОнун келечегин жеке кызыкчылыктарынан жогору коюшун күтүп жатабыз",- деди. 

Грециянын акыркы мезгилде Түркияга карата мамилесин да сындаган Эфкан Ала : "Греция маал - маалы менен дипломатиялык  уурулук кылып жатат",- деди. 

Сүйлөшүүлөрдө АКШнын жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга берген жардамдарынан улам тынчсыздануулар да билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар