Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Япониянын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын кечээ Япон деңизине карата эки баллистикалык ракета аткандыгын жарыялады.

1886728
Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Япониянын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын кечээ Япон деңизине карата эки баллистикалык ракета аткандыгын жарыялады. 

Япониянын Коргоо министри Хамада Ясуказу максималдуу 50 километр бийиктикке жеткен эки баллистикалык ракетанын кадимки орбитада болжол менен 300 километрди басып өткөнүн жарыялады. Министр Хамада Түндүк Кореянын батыш тарабынан Япон деңизи багытына учурулган ракеталардын Япон өзгөчө экономикалык аймагынын тышына келип түшкөндүгү болжолдолгондугун айтты.

Түндүк Кореянын эч себепсиз чагымчылдыктарды күчөтүп жаткандыгын белгилеген Хамада : "Бул сыноолор Япониянын жана аймактын тынчтыгына, коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө",- деди. Япон  өкмөтүнүн Пекин элчилиги аркылуу Түндүк Кореяга нааразылык нотасын бергени жана ракеталар түшкөн аймакта эч кандай зыян келтирилбегени маалымдалды.

Америка Кошмо Штаттарынын  Индо - Тынч океан күчтөрү (INDOPACOM) бул сыноолордун АКШ жана  союздаштарынын аймагына коркунуч туудурбай тургандыгын  жарыялады.

Өткөн жумада жана акыркы жолу кечээ ракета сыноолорун өткөргөн Пхеньян башкаруусунун акыркы сыноосунун АКШнын вице  - президенти Камала Харристин Түштүк Корея сапарына туш келиши көңүлдөрдү бурду. 

Киодо агенттигинин маалыматына караганда, АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын үч тараптуу «суу астындагы кемелерге каршы машыгууларды» өткөрөрү күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар