Россия БУУга чакыруу салды

Россия БУУдан орус жер семирткичи жана дан экспортуна карата тоскоолдуктарды жоюу үчүн чара көрүшүн суранды.

1886602
Россия БУУга чакыруу салды

Россия БУУдан орус жер семирткичи жана дан экспортуна карата тоскоолдуктарды жоюу үчүн чара көрүшүн суранды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова борбор шаар Москвада онлайн өткөн жумалык пресс  - жыйында актуалдуу темаларга байланыштуу маалымат берди. 

"Түндүк агым 1" жана "Түндүк агым  2 де" болгон жаратылыш газдын чыгуу маселесине токтолгон Захарова газ сызып чыккан аймакта НАТОго таандык инфраструктуранын бар экенине жана НАТОнун июль айында бул аймакта машыгуу өткөргөнүнө көңүлдөрдү бурду. 

Мария Захарова Америка Кошмо Штаттарынын  бул абалдан пайдалана ала турганына көңүл буруп, окуянын иликтениши керектигин баса белгиледи. Захарова : "Балтика деңизиндеги газ түтүктөрүндө болгондорго байланыштуу эл аралык териштирүүнүн обьективдүү болоруна ишенгибиз келет",- деди. 

Орус катчы өлкөсүнүн жер семирткич жана эгин экспортуна киргизилген чектөөлөргө да токтолуп : "БУУдан европалыктар жана америкалыктардын орус жер семирткичи жана дандарынын глобалдык базарларга чыгарылышына карата тоскоолдуктарды жоюу тууралуу аракеттерин активдештиришин күтүп жатабыз",- деп айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар