Нигерияда 1, 2 миллион бала чукул билим алууга муктаж

Нигериянын Мугалимдерди каттоо кеңешинин төрагасы Олусегун Ажибойе өлкөнүн түндүк - чыгышындагы Борно, Адамава жана Йобе штаттарындагы террордук уюмдар Боко Харам жана ISWAP кол салууларынан эң көп балдардын жабыркаганын белгиледи.

1886944
Нигерияда 1, 2 миллион бала чукул билим алууга муктаж

Нигерияда 1,2 миллион баланын чукул билим алууга муктаж экендиги жарыяланды. 

Нигериянын Мугалимдерди каттоо кеңешинин төрагасы Олусегун Ажибойе өлкөнүн түндүк - чыгышындагы Борно, Адамава жана Йобе штаттарындагы террордук уюмдар Боко Харам жана ISWAP кол салууларынан эң көп балдардын жабыркаганын белгиледи.

Бул штаттардагы террордук кол салуулардан улам 1,2 миллион баланын чукул түрдө билим алууга муктаж экенине көңүл бурган Олусегун Ажибойе : "Нигериянын түндүк-чыгышындагы терроризм жана тополоңдордон улам 2009-жылдан бери 1500дөн ашуун мектеп жабылууга туура келди. Штаттарда 910 мектеп же зыянга учурады же талкаланды, 2295 мугалим каза болду",- деди.  

Ажибойе ошондой эле өлкөдөгү террордук окуялардын чет элдик инвестицияны азайтып, жергиликтүү экономикага басым жасаганын айтты.

 



Тектеш кабарлар