Танзания 5 аймакта "саламаттыкты сактоо эскертүүсүн" берди

Угандада эболадан улам ушул кезге чейин 23 киши каза болуп, бейтап саны 36га жогорулады.

1886215
Танзания   5 аймакта "саламаттыкты сактоо эскертүүсүн" берди

Танзания коңшусу Угандада чыккан жана 23 киши каза болгон эбола вирусу эпидемиясынан кийин  5 аймакта "саламаттыкты сактоо эскертүүсүн" берди. 

Танзаниянын Саламаттыкты сактоо министри Умми Мвалиму эпидемия коркунучу эң көп болгон 5 аймакты белгилегендерин жана эпидемия менен күрөшүү үчүн даярдыктарды баштагандарын билдирди.

Министр Мвалиму Кагера, Мванза, Мара, Гейта жана Кигома аймактарында эскертүүнүн берилгендигин, коңшу өлкөлөрдөн жүргүнчүлөр кирген башка шаарлардагы аэропорттор менен автовокзалдардын да көзөмөлгө алынгандыгын айтты. 

Угандада эболадан улам ушул кезге чейин 23 киши каза болуп, бейтап саны 36га жогорулады. Эпидемия коркунучуна каршы Кения жана Руанда сыяктуу өлкөлөр да чек аралардагы чараларын арттырды. 

 

 



Тектеш кабарлар