Россиянын Украинадагы аракеттери

Игорь Конашенков Украинанын Донецк облусунда 80дей чет элдик жалданма согушкердин жогорку тактыктагы куралдар менен жок кылынгандыгын билдирди.

1886457
Россиянын Украинадагы аракеттери

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Донецк облусунда 80дей чет элдик жалданма аскердин жогорку тактыктагы куралдар менен жок кылынгандыгын билдирди.

Конашенков орус аскер күчтөрүнүн Россия - Украина согушундагы аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Украина армиясынын акыркы 24 саатта 6 штабы жок кылынганын белгилеген Конашенков, Харьков облусунун Купянск шаарына жакын жерде 70ке жакын украиналык аскер жана 14 аскердик техниканын жок кылынганын айтты.

Конашенков мындан тышкары  Украинада 9 ок - дары кампалары, "Миг-29" жана "Су-24" согуштук учактары менен 8 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

"Донецк элдик республикасынын Николаевка конушунун жанындагы "Чет элдик легиондун" позицияларына жогорку тактыктагы курал менен жасалган чабуулдун натыйжасында 80дей чет элдик жалданма аскер жок кылынды",- деди.

Конашенков АКШда жасалган 17 көп стволдуу HIMARS ракета аткычтары жана HARM ракеталары абада жок кылынганын билдирип : "Ушул убакка чейин Украинага таандык 307 учак, 155 тик учак, 2107 учкучсуз учуучу аппарат, 377 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 5147 танк жана бронетехника, 855 көп стволдуу ракета аткычтар, 3439 гаубица жана минометтор, 5973 атайын аскердик унаа талкаланды",- деди. 



Тектеш кабарлар