Дмитрий Песков референдум болгон аймактардын эртең Россияга кошуларын билдирди

Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьенин Россияга кошуларына карата кол коюу аземинин Москва убактысы боюнча саат 15:00дө ишке ашат.

1886370
Дмитрий Песков  референдум болгон аймактардын эртең Россияга кошуларын билдирди

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков талаш  - тартыштуу референдум болгон Украинадагы аймактардын эртең өтө турган кол коюу аземи менен расмий түрдө Россияга кошуларын билдирди. 

Дмитрий Песков Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьенин Россияга кошуларына карата кол коюу аземинин Москва убактысы боюнча саат 15:00дө ишке ашарын айтты. 

Россиянын Украина жерлери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьеде 23 - 27 -  сентябрда өткөргөн референдумдан 93 пайыз менен "макул" добушу менен Россияга кошулуу чечими чыккан. 

 



Тектеш кабарлар