Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер АКШнын Украинага жаңы курал - жарак берерин билдирди

Жан-Пьер пакетте өзгөчө жүздөгөн брондолгон унаалар, радарлар жана учкучсуз учуучу аппараттардын да бар экенин белгиледи.

1886225
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер АКШнын Украинага  жаңы курал  - жарак берерин билдирди

Америка Кошмо Штаттарында Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер өлкөсүнүн Украинага 1,1 миллиард долларлык жаңы курал-жарак жана жабдууларды, анын ичинде "HIMARS" көп стволдуу ракета аткыч системаларын бере турганын билдирди.

Жан-Пьер күнүмдүк пресс-брифингде буларды айтты : «АКШ Украинага 1, 1 миллиард долларлыккаражат жана курал – жарак пакетин жарыялайт. Мунун ичинде Украина ушул кезге чейин согуш аянтында таасирдүү колдонгон 18 HIMARS көп стволдуу ракета аткыч системалары бар»,- деди.

Жан-Пьер пакетте өзгөчө жүздөгөн брондолгон унаалар, радарлар жана учкучсуз учуучу аппараттардын да бар экенин белгиледи.

Украинанын чыгышында Россия жактоочусу жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарда Россияга кошулуу үчүн өткөрүлгөн референдумдарга да баа берген Жан-Пьерөткөн референдумду «жасалма» деп мүнөздөдү. Жан-Пьер бул референдумдун Россиянын «сценарийинин бир бөлүгү» экендигин айтып : "Бул референдумдар жасалма жана манипуляцияланган. Украинанын жарандары куралдуу коопсуздук күчтөрүнүн басымы астында добуш беришти. Биз куралдуу бийликтердин украиналыктарды добуш берүү борборлорунун дарбазаларында кысымга алып, көчөдөн элди буруп добуш берүүгө мажбурлаган видеолорду көрдүк. Референдумдар Россиянын көрсөтмөлөрүн уккан куурчак администрациялар тарабынан өткөрүлдү»,- деди.

Өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыктарынын көптөгөн айлар мурда Кремль тарабынан белгиленгендигин айткан Жан-Пьер : «Кремль көптөгөн айлар мурда Украина калкынын Россияга кошулууну каалоо жалганын чыгарды. Бирок тескерисинче украиналыктардын муну каалабагандыгын көрүп турабыз. Украина калкы көз карандысыздыгы үчүн күрөшүүдө»,- деди.

Россиянын бул референдумдарды Украинаны «аннексиялоо үчүн» колдонуусу эл аралык укукка теср экендигин да баса белгилеген Жан-Пьер : «Биз эч качан аннексияга карата мыйзамдуу же мыйзамсыз аракеттерди колдобойбуз. Россиянын айткандарына карабастан бул аймактар Украина жери»,- деди.



Тектеш кабарлар