Орусия-Кытай кызматташтыгы

Эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлду.

1885426
Орусия-Кытай кызматташтыгы

Орусия менен Кытай орусиялык ГЛОНАСС жана кытайлык Beidu спутниктик жайгаштыруу системаларын өз ара жайгаштыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Келишимге Орусия-Кытай Спутниктик жайгаштыруу боюнча стратегиялык кызматташтык долбоорлору комитетинин видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында кол коюлду.

Келишимдин алкагында орусиялык ГЛОНАСС системалары Кытайга, Кытай тарабынан иштелип чыккан Beidou системалары да Орусияга орнотулат.

Орусиянын үч даана өлчөө станциясы Кытайдын Чанчунь, Үрүмчү жана Шанхай шаарларында, ал эми кытайлык өлчөө станциялары Орусиянын Обнинск, Иркутск жана Петропавловск-Камчатский шаарларында жайгашат.



Тектеш кабарлар