Пакистанда дифтериядан 10 бала каза болду

Пакистанда 14-июндан бери жааган муссон жамгырлары себеп болгон селден улам 1638 адам каза болуп, 12 миңден ашуун адам жаракат алды.

1885034
Пакистанда дифтериядан 10 бала каза болду

Пакистандын Синд облусундагы селден кийин акыркы эки айдын ичинде дифтериядан улам 10 бала каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, жетекчилер Синд облусунда акыркы 2 айда дифтериядан 10 баланын каза болгонун, аймакта 39 дифтерия учурунун аныкталганын билдиришти.

Жетекчилер бул илдеттен каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп кооптонуу менен бирге, эмдөө зарыл экенин баса белгилешти.

Пакистанда 14-июндан бери жааган муссон жамгырлары себеп болгон селден улам 1638 адам каза болуп, 12 миңден ашуун адам жаракат алды.


Этикеткалар: #дифтериядан

Тектеш кабарлар