Космос аппараты астероидди пландуу түрдө сүздү

Сүзгөн учур Хаббл, Уэбб жана Люси телескоптору, ошондой эле космостук аппаратка орнотулган камера тарабынан көрсөтүлдү.

1885068
Космос аппараты астероидди пландуу түрдө сүздү

Американын авиация жана космос агенттигинин (НАСА) космостук аппараты DART, Жерден болжол менен 11 миллион километр алыстыкта ​​жайгашкан астероидди пландуу түрдө ийгиликтүү сүздү.  

Жердин потенциалдуу астероид же куйруктуу жылдыз коркунучуна каршы коргонуу технологиясын сыноо үчүн космоско учурулган аппарат Жерге коркунуч туудурбаган «Диморфос» аттуу астероидди өз убагында сүздү.

Астероиддердин багыттарын сыноо үчүн даярдалган космос аппараты DART, Диморфосту орбитасынан буруш үчүн саатына болжол менен 23 000 километр ылдамдык менен түрттү.

Сүзүү НАСАнын сайтында жана бардык социалдык медиа баракчаларында түз эфирде көрсөтүлдү.

Келечекте потенциалдуу коркунуч туудурган асман объектилерин өлчөө жана болтурбоо үчүн сыноо иретинде биринчи жолу өткөрүлдү.

Сүзгөн учур Хаббл, Уэбб жана Люси телескоптору, ошондой эле космостук аппаратка орнотулган камера тарабынан көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар