Угандада эбола: 21 адам каза болду

Вирустун жайылуу чордонунун Конго Демократиялык Республикасынан (KDC) Уганданын борбору Кампалага баруучу унаа жолунда жайгашкан Мубенде аймагы экени кабарланган.

1884414
Угандада эбола: 21 адам каза болду

Угандада эбола эпидемиясынан каза болгондордун саны 21ге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Эммануэль Айнебюна, өлкөдө эболадан 21 кишинин каза тапканын, ооруга чалдыккандардын санынын болсо 34кө жеткенин билдирди.

Угандада 19-сентябрда 24 жаштагы бир адамда сейрек кездешүүчү жана судан варианты болгон Эбола вирусу аныкталган.

Вирустун жайылуу чордонунун Конго Демократиялык Республикасынан (KDC) Уганданын борбору Кампалага баруучу унаа жолунда жайгашкан Мубенде аймагы экени кабарланган.

Эбола 2013-жылы декабрда Батыш Африкада жайылып кеткен. 2014-2017-жылдары Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонеде күч алган эпидемияда 30 миң киши вирус жуктуруп, 11 миңден ашуун бейтап каза болгон.



Тектеш кабарлар