Toyota Орусиядагы заводун жапты

Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин билдирүүсүндө, Тойотанын Санкт-Петербургдагы ишканасын жапкандыгы айтылды.

1884533
Toyota Орусиядагы заводун жапты

Япониянын Toyota компаниясы Орусиядагы заводун жапты.

Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин билдирүүсүндө, Тойотанын Санкт-Петербургдагы ишканасын жапкандыгы айтылды.

Ишкананын заводдо иштеген жумушчуларга карата милдеттенмелерин жана Орусиядагы унааларын сатуудан кийинки колдоосун уланта турганы белгиленди.

Орус «Коммерсант» гезитиндеги темага байланыштуу кабарда Тойотанын орус рыногунан чыкпагандыгы, бирок өндүрүшкө керектүү тетиктерди алууда кыйынчылыктарга туш болгондугу үчүн заводду жабууга чечим чыгарганы кабарланды.  



Тектеш кабарлар