Пакистандагы муссон жамгырлары: 1638 адам каза болду

Жамгырдын кесепетинен 1638 адам, анын ичинде 588 бала жана 332 аял каза болуп, 12 миң 865 киши да жаракат алды.

1884597
Пакистандагы муссон жамгырлары: 1638 адам каза болду

Пакистанда 14-июндан бери уланган муссон жамгырлары себеп болгон апааттарда каза болгондордун саны 1638ге жетти.

Пакистандын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (NDMA) маалыматына караганда, жамгырдын кесепетинен 1638 адам, анын ичинде 588 бала жана 332 аял каза болуп, 12 миң 865 киши да жаракат алды.

Жаандан улам 2 миллион 49 миң 482 үйдүн зыян тартканы, булардын 824 миң 169у толугу менен кулап, 13 миң 74 чакырым жол, 392 көпүрө жер менен жексен болду.

Жаан-чачындан 33,4 миллион адам жабыркап, бир миллион 103 миң 800 айыл чарба малы кырылып калды.



Тектеш кабарлар