АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен деңиз машыгуусу

Машыгуунун «Түндүк Кореянын провокацияларына жооп кайтарууга өнөктөштөрдүн бекем чечкиндүүлүгүн» ​​көрсөтүү жана биргелешкен деңиз операцияларын жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөгөнү маалымдалды.

1884519
АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен деңиз машыгуусу

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) учак жана аскердик кемелери Корей жарым аралынын жанында Түштүк Кореянын аскердик кемелери менен биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрүүдө.

Түштүк Кореянын аскер-деңиз күчтөрүнүн билдирүүсүндө, машыгуунун «Түндүк Кореянын провокацияларына жооп кайтарууга өнөктөштөрдүн бекем чечкиндүүлүгүн» ​​көрсөтүү жана биргелешкен деңиз операцияларын жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөгөнү маалымдалды.

Билдирүүдө машыгууга АКШнын жана Түштүк Кореянын 20дан ашык согуштук кемелеринин, анын ичинде АКШнын өзөктүк энергия менен иштеген «USS Ronald Reagan» аттуу учак конуучу кемесинин да катышып жатканы айтылды.

Машыгуу эки өлкөнүн ортосунда 2017-жылдан бери биринчи жолу Американын учак конуучу кемеси катышкан биргелешкен деңиз машыгуусу болгондуктан көңүлдөрдү бурду.

Япония менен Түштүк Корея кечээ Түндүк Кореянын Япон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета учурганын жарыялашкан.

Түндүк Корея быйыл 8 кыска аралыкка учуучу ракета сыноосун өткөрдү, анын акыркысы 5-июнда болгон.



Тектеш кабарлар