Украинанын мурдагы президенти Порошенко президент Эрдоган ортомчу боло алаарын айтты

Порошенко Италиянын эң көп нускалуу гезиттеринин бири болгон Corriere della Sera гезитине маек берди.

1884016
Украинанын мурдагы президенти Порошенко президент Эрдоган ортомчу боло алаарын айтты

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия-Украина согушунда ортомчу боло аларын билдирди.

Порошенко Италиянын эң көп нускалуу гезиттеринин бири болгон Corriere della Sera гезитине маек берди.

Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууну эске салган Порошенко өзүнүн президенттигинде 4 миңден ашуун туткун алмашылганын, эми бул сандын 7 айда 500гө жетпегенин белгиледи.

Кырдаал башкачабы деген суроого Порошенко: «Баары өзгөрдү. Бирок жалпы бир нерсе бар: Эрдогандын ролу. Ал Крым татарлары менен макулдашууга да катышкан. Ошол учурда да биринчи түз жолугушуу (Орусиянын президенти Владимир) Путин менен Эрдогандын ортосунда болгон.  Эми өнөктөштүк Самарканддагы саммитте дагы кайталанды»,-деп айтты.

Президент Эрдогандын эгин кризисинин чечилишинде жана азыр туткун алмашууда роль ойногонун эске салган Порошенко: «Анын Путинге кысым көрсөтүүгө инструменттери бар: Түркияда көптөгөн орустардын кызыкчылыктары бар, бирок ошол эле учурда Эрдоган Крымдын Орусияга кошулушун эч качан тааныган эмес. Ал бул согушта ортомчу боло алат»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар