G7 өлкөлөрү Украинанын чыгышындагы Орусия өткөргөн референдумдарды айыптады

Биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүдө : «Орусия кол салуусуна дуушар болгон Украинанын статусун өзгөртүү үчүн жалган шылтоо жаратуу үчүн колдонулган жасалма референдумдарды катуу айыптайбыз»,делди.

1883998
G7 өлкөлөрү Украинанын чыгышындагы Орусия өткөргөн референдумдарды айыптады

Германия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Жапония жана Канададан турган G7 өлкөлөрү, Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск элдик республикалары делген жана Запорожье менен Херсон облустарынын Орусияга кошулуу үчүн башталган референдумдарды катуу айыпташты.

Биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүдө : «Орусия кол салуусуна дуушар болгон Украинанын статусун өзгөртүү үчүн жалган шылтоо жаратуу үчүн колдонулган жасалма референдумдарды катуу айыптайбыз»,делди.

Билдирүүдө референдум Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларын жана эл аралык мыйзамдарды ачыктан-ачык бузуп, мамлекеттердин арасындагы мыйзам үстөмдүгүнө карама-каршы келгени баса белгиленди.

«Жасалма референдумдардын» эч кандай юридикалык таасири жана мыйзамдуулугу жок экени белгиленген билдирүүдө «Чоң жетилик» өлкөлөрүнүн аталган аймактардын Орусияга кошулушун эч качан тааныбай турганы белгиленди.

Жарым-жартылай мобилизациялоо жана жоопкерчиликсиз өзөктүк билдирүүлөрү менен катар Орусиянын чыңалууну атайылап күчөтүүчү кадамдарды жасашын айыптаган G7 өлкөлөрү башка бардык өлкөлөрдү Орусиянын эл аралык укук бузууларын жасалма түрдө жаап жашыруу аракети болгон бул жасалма референдумдарды ачык түрдө четке кагууга үндөштү.

Украинага анын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, өзүн коргоо жана өз келечегин тандоо үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтүү боюнча туруктуу чечкиндүүлүктү белгилеп, «Биз Украинага каржылык, гуманитардык, аскердик, дипломатиялык жана укуктук колдоо көрсөтүүнү улантабыз. 25-октябрда Берлинде өтө турган Украинаны калыбына келтирүү, өлкөнү кайра куруу жана модернизациялоо боюнча конференцияны алдыга жылдырабыз. Канчалык узакка созулбасын Украинанын жанында чечкиндүүлүк менен бекем турабыз»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар