Пакистанда жугуштуу оорулар: 324 адам каза болду

Жетекчилер сел апаатынан келип чыккан оорулардан 324 кишинин каза тапканын маалымдашты.

1883254
Пакистанда жугуштуу оорулар: 324 адам каза болду

Пакистандын Синд облусунда сел апааттары себеп болгон оорулардан 1-июлдан бери 324 адам каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарында чыккан кабарларга караганда, жетекчилер селден жабыркаган аймактарда ич өткөк, безгек жана тери ооруларынын көбөйгөнүн билдиришти.

Жетекчилер сел апаатынан келип чыккан оорулардан 324 кишинин каза болгонун маалымдашты.

Синд облусунда 48 миллион адам жашайт.

Аймактын жалпысында селдин айынан жер которгон 500 миңден ашуун адам жардам лагерлеринде жашоону улантууда.

Ушул айда 137000 ич өткөк, 10000ден ашуун дизентерия жана кеминде 4000 безгек оорусу катталды.

Көптөгөн аймактарда жана шаарларда, өзгөчө Дадуда дагы деле суу тартыла элек.

Бул жагдай калктын медициналык мекемелерге жетүүсүнө тоскоол болуп, медициналык каражат жана дары-дармек менен камсыздоодо көйгөйлөрдү жаратууда.



Тектеш кабарлар