"Фиона" бороонунун кесепеттери

"Фиона" бороонунун эртең Канаданын чыгыш жээктерине жетиши күтүлүүдө.

1883209
"Фиона" бороонунун кесепеттери

Пуэрто-Рико жана Доминикан Республикасында таасирдүү болгон "Фиона" бороонунан улам 8 киши каза болду.

"Фиона" бороону жекшемби күнү Пуэрто-Рикону уруп өткөндөн кийин Доминикан Республикасы менен Теркс жана Кайкос аралдарына жетип, 4-категориядагы бороон деңгээлине көтөрүлдү.

Пуэрто-Риконун соттук медицина институтунун директору доктор Мария Конте Миллердин билдирүүсүндө, Пуэрто-Рико жана Доминикан Республикасындагы бороондун натыйжасында кеминде 8 кишинин каза болгондугу айтылды.

Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук ураган борборунан берилген маалыматка караганда, саатына 215 километр ылдамдыкта соккон шамал менен түндүктү көздөй жылышын уланткан "Фиона" бороонунун эртең Канаданын чыгыш жээктерине жетиши күтүлүүдө.

"Фиона" бороон-чапкыны Пуэрто-Рико, Доминикан Республикасы менен Теркс жана Кайкос аралдарында сел жана жер көчкүгө алып келсе, Пуэрто-Риконун чоң бөлүгүндө электр жарыгы жана суунун токтошуна себеп болду.

3 миллиондон ашуун калкы бар арал өлкөнүн чоң бөлүгүндө дагы деле электр энергиясы берилбей жатканы кабарланды. 



Тектеш кабарлар