Зеленский: «Орусия өзөктүк курал колдонот деп ишенбейм»

Немистердин Bild гезитине сүйлөгөн сөзүндө Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Орусияда жарыялаган жарым-жартылай мобилизациядан кабардар экенин жана чалгындоо кызматтары аларга кабарлаганын баса белгиледи.

1882922
Зеленский: «Орусия өзөктүк курал колдонот деп ишенбейм»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия өзөктүк куралды колдоноруна ишенбей турганын билдирди.

Немистердин Bild гезитине сүйлөгөн сөзүндө Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Орусияда жарыялаган жарым-жартылай мобилизациядан кабардар экенин жана чалгындоо кызматтары аларга кабарлаганын баса белгиледи.

«Жарым-жартылай мобилизация Орусиянын офицерлер жана башка аскер кызматкерлери менен көйгөйлөрү бар экенин көрсөтүп турат»,-деп айткан Зеленский:«Алар аскер курсанттарын, мушташа албаган эр-азаматтарды мобилизациялап жатканын биз билебиз. Бул студенттер окуусун бүтүрө да алышпады. Бул адамдар күрөшө албайт. Алар бизге келип, өлүп калышты»,-деди.

Зеленский:«Путин Украинаны канга чөктүргүсү келет, бирок ошол эле учурда өз аскерлеринин канына баккысы келет», - деди.

Путиндин коркутуп-үркүтүүлөрү аны тынчсыздандырбаганын белгилеген Зеленский: «Биз этап-этабы менен пландарыбызга ылайык иш кылабыз. Жерибизди бошотуп алабыз деп ишенем. Мамлекеттердин 90 пайызы жасалма референдумду тааныбайт»,- деди.

Путиндин кыйыр түрдө ядролук курал колдонуу коркутуусу тууралуу Зеленский: «Мен анын бул куралдарды колдоноруна ишенбейм. Дүйнө ага бул куралдарды колдонууга уруксат бербейт деп ойлойм»,- деди жана мындай улантты: «Путиндин коркутууларына алдырбашыбыз керек. Эртең Путин «Украинадан тышкары Польшанын бир бөлүгүн каалайбыз, антпесе өзөктүк куралды колдонобуз» дейт. Биз мындай жеңилдиктерге бара албайбыз».

Орусияда бүгүнтөн тарта жарым-жартылай мобилизация жарыяланды.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизациянын алкагында жалпысынан 300 миң запастагы аскер кызматка чакырыла турганын айтты.

Украинанын Донбасс аймагындагы Донецк жана Луганск администрацияларынын элдик кеңештери жана Орусиянын көзөмөлүндөгү Херсон администрациясы кечээ 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин эки аймак үчүн тең Орусия Федерациясына кошулуу үчүн референдум өткөрүлөрүн жарыялашты. 



Тектеш кабарлар