Орусияда жарым-жартылай мобилизациялоо башталды

Путин өлкөсүнүн эли менен Украинанын чыгышындагы Донецк Эл Республикасы (ДЭР), Луганск Эл Республикасы (ЛЭР) делген жана Херсон менен Запорожье облустарынын тургундарына кайрылып сөз сүйлөөсүндө жарым жартылай мобилизация жарыялаганын айтты.

1882514
Орусияда жарым-жартылай мобилизациялоо башталды

Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Орусиянын жарым-жартылай мобилизациялоо чечиминен кийин Евробиримдик Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта турганын билдирди.

Мишель социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы учурунда өлкөлөр кызматташтык, коопсуздук жана гүлдөп-өнүгүү үчүн аракет кылып жатканда Кремлдин Эл аралык Тынчтык күнүндө мобилизация жарыялаганын белгиледи.

«Бул согушта бир гана баскынчы бар, ал Орусия. Кол салууга дуушар болгон өлкө Украина» деген сөздү колдонгон Мишел, Евробиримдиктин Украинага болгон колдоосунун улана турганын жана анын туруктуу экенин баса белгиледи.

Орусиянын Федерациясынын Президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө кулактандыруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Путин өлкөсүнүн эли менен Украинанын чыгышындагы Донецк Эл Республикасы (ДЭР), Луганск Эл Республикасы (ЛЭР) делген жана Херсон менен Запорожье облустарынын тургундарына кайрылып сөз сүйлөөсүндө жарым жартылай мобилизация жарыялаганын айтты.

Украинанын Донбас, Запорожье жана Херсон аймактарынын көзкарандысыз чечимдерин колдогондорун айткан Путин, батыштык өлкөлөрдүн Украинада тынчтыкчыл чечүүчү жол табуусун каалабагандарын билдирип: «Эгерде биздин аймактык бүтүндүгүбүзгө коркунуч келтирсе, Орусия бардык жолдорду колдонот. Бул бир тамаша эмес»,-деди.

Орусиянын лидери  жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча иш-чаралары бүгүндөн тарта баштала турганын айткан сөзүндө, Батыштын «эгемендүү, көзкарандысыз өнүгүү борборлорун басууга жана Орусияны жок кылууга аракет кылып жатканын» айткан Путин: «Учурда резервде жана армияда мурда кызмат кылган, белгилүү аскердик адистиктерге жана тажрыйбага ээ болгон атуулдарга жарым-жартылай чакыруу жүргүзүлөт. Аскер тапшырмасына чакырылган адамдар үчүн атайын аскердик иш тажрыйбасы эске алынып, сөзсүз аскердик машыгуудан өткөрүлөт»,-деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар