Путин орус жер семирткичтеринин Европанын портторунда кармалып турушуна каршылык көрсөттү

Путин Кремлде 24 өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алган аземде билдирүүлөрдү жасады.

1882282
Путин орус жер семирткичтеринин Европанын портторунда кармалып турушуна каршылык көрсөттү

Орусиянын президенти Владимир Путин орус жер семирткичтеринин жакыр өлкөлөргө жөнөтүлбөй, Европанын портторунда кармалып турушуна каршылык көрсөттү.

Владимир Путин борбор шаар Москвада президенттик сарай Кремлде, 24 өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алган аземде билдирүүлөрдү жасады.

Эл аралык мамилелердин радикалдуу өзгөрүү процессине киргенине көңүл бурган Путин: «Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) акыркы саммити да дүйнөлүк саясаттын көп уюлдуу дүйнөгө багыт алганын тастыктады»,-деди.

Көп уюлдуу дүйнө тартибине карай өнүгүүлөрдүн кээ бир өлкөлөрдүн каршылыгына туш болгонун түшүндүргөн Путин: «Көп полярдуулукка карай процесс, тилекке каршы дүйнөнүн үстөмдүк кылуучу позициясын жана Латын Америка, Европа, Азия, Африкада бардыгын көзөмөлгө алууну каалагандардын каршылыгына дуушар болду. Бул суверендүү державалар узак убакыт бою абдан жакшы абалда эле, бирок ал түбөлүккө созула албайт»,-деди.

Өз өлкөсүнө каршы санкциялардын өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөргө да таасирин тийгизгенин белгилеген орус лидер: «Батыш өлкөлөрүнүн Орусиянын энергетика, азык-түлүк жана жер семирткич продукцияларына киргизген санкцияларынан бул өлкөлөр эң көп жабыркап жатышат. 300 миң тонна орус жер семирткичтерин муктаж болгон өлкөлөргө бекер жеткирүү боюнча сунушубузга да жооп берилбей жатканы адепсиздиктин туу чокусу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар