Кытай Байденге Тайвань тууралуу каршылык көрсөттү
АКШнын президенти Жо Байдендин : «Кытай кол салса, америкалык аскерлер Тайванды коргойт»,- деген сөзүнөн улам Пекин башкаруусу Вашингтонго нааразычылык билдирди.

АКШнын президенти Жо Байдендин : «Кытай кол салса, америкалык аскерлер Тайванды коргойт»,- деген сөзүнөн улам Пекин башкаруусу Вашингтонго нааразычылык билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин борбор шаар Пекиндеги күнүмдүк пресс - конференциясында Жо Байдендин аты аталбаган «билдирүүлөрдөн» улам Вашингтонго дипломатиялык каналдар аркылуу каршылык көрсөткөндөрүн айтты.
АКШнын «Тайванга байланыштуу маселелерди кылдаттык менен жана туура чечүүгө", «Тайвандын көз карандысыздыгын жактаган күчтөргө жаңылыш сигналдарды бербөөгө» чакырган катчы Мао Вашингтон башкаруусун карым - катнаштарына зыян тийгизе турган, Тайвань кысыгындагы тынчтык жана туруктуулукту буза турган сөз жана аракеттерден алыс болууга да чакырды.
Мао : «Тайвань менен тынчтык жолу аркылуу биригүү үчүн колубуздан келгенди аткарууга даярбыз бирок ошол эле учурда бөлүүчүлүктү максат кылган эч бир кыймылга чыдамдуулукту көрсөтө албайбыз»,- деди.
Тайвандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Джоан Оу АКШнын президентине "Вашингтондун Тайвандын коопсуздугуна колдоосу бекем экенин ырастаганы үчүн" ыраазычылык билдирди.
Байден жана АКШ башкаруусуна колдоолору үчүн ыраазы экендерин белгилеген катчы Оу : «Акыркы билдирүүлөр дагы бир жолу Кытайдын Тайвань кысыгында күчөп бара жаткан коркунучтун жалпы дүйнөдө тынчсыздануу жараткандыгын көрсөтүүдө»,- деди.
Оу Тайвандын АКШ жана буга окшогон көз караштагы башка өлкөлөр менен иштеп өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрөрүн, Индо - Тынч океан аймагында эрежелерге таянган эл аралык тартипти бирдикте коргой тургандыгын белгиледи.
АКШнын президенти Байден CBS телеканалында көрсөтүлгөн «60 мүнөт» программасына берген маегинде Тайвань тууралуу билдирүү жасаган.
Программанын алып баруучусунун : «АКШ күчтөрү аралды коргойбу?»,- деген суроосуна Байден : «Ооба эгерде окшошу болбогон кол салуу боло турган болсо»,- деп жооп берген.