Ципрас тынчсыздануусун билдирди

Алексис Ципрас Эл аралык Салоники жарманкесинин алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйында Түркия менен карым-катнаштарга баа берди.

1881572
Ципрас тынчсыздануусун билдирди

Грециянын негизги оппозициялык партиясы Радикалдуу солчул альянстын (СИРИЗА) лидери Алексис Ципрас Түркия менен өлкөсүнүн ортосунда байланыш каналынын жоктугуна тынчсыздануусун билдирди.

Алексис Ципрас Эл аралык Салоники жарманкесинин алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйында Түркия менен карым-катнаштарга баа берди.

Ципрас Түркия менен Грециянын ортосунда акыркы жылдардагы чыңалуунун мурда эч качан болбогонун баса белгиледи.

Сөздөрдөгү чыңалуунун кагылышууга айланышына жол бербөө үчүн чаралар көрүлсө болоорун билдирген Ципрас, ар бир грек жараны сыяктуу эле премьер-министр Кирякос Мицотакистен күтүүсүнүн өлкөнүн эгемендик укуктарын коргоп жатканда Түркия менен диалог каналдарын ачык кармоо экенин айтты.  

Ципрас байланыштын жоктугунан улам чыңалуунун жагымсыз окуяга айланып кетиши мүмкүн экенин жактап: «Азыр мени чыңалган сөздөргө караганда байланыш каналдарынын жоктугу көбүрөөк тынчсыздандырууда»,- деп айтты.

Алексис Ципрас өлкөсүнүн куралдануу программасынын алкагында үчүнчү өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдерди Грециянын коргоо өнөр жайына салым кошпогону менен сынга алды.



Тектеш кабарлар