Италиядагы сел каптоодон 11 адам каза болду

Бул тууралуу Италиянын ANSA агенттигинин кабарында орун алды.

1881307
Италиядагы сел каптоодон 11 адам каза болду

Италиянын Анкона шаарынын айланасындагы селден каза болгондордун саны 11ге жетти.

Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, Серра де Конти курортунда 47 жаштагы бир адамдын жансыз денеси табылгандан кийин Марке аймагындагы сел апаатында каза болгондордун саны 11ге жетти. 

Өрт өчүрүү, жарандык коргонуу жана коопсуздук күчтөрү тарабынан селге агып кеткен дайынсыз жоголгон 8 жаштагы баланы жана 56 жаштагы аялды издөө-куткаруу иштери улантылып жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар