Орусия Украинадагы чабуулдарын улантып жатат

Конашенков орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1881017
Орусия Украинадагы чабуулдарын улантып жатат

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украина армиясынын Николаев аймагындагы атайын операция борборунун штабы менен машыгуу борборуна сокку урулганын кабарлады.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Игорь Конашенков Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн, Николаев облусунда Украина армиясынын 28-мотоаткычтар бөлүктөрү убактылуу жайгаштырылган жерге чабуул койгондорун белгиледи.

Ошондой эле Харьков облусунун Двуречная жана Купянск конуштарында украин армиясынын 66-механикалаштырылган бөлүктөрүнүн убактылуу жайгашуучу пунктун бомбалап, Харьков шаарында украин күчтөрүнө сокку ургандарын билдирди.

Донецк аймагындагы Северск отурукташуу жеринде украин аскерлерине ок чыгаргандарын белгилеген Конашенков: "Бул чабуулдардын натыйжасында 400дөн ашуун украин жоокери өлдү жана жарадар болду", - деди.

Херсон жана Донецк аймактарында 5 учкучсуз учуучу аппараттын абадан коргонуу системалары менен атып түшүрүлгөнүн маалымдаган орусиялык басма сөз катчы: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 293 учак, 155 тик учак, 1965 учкучсуз аппарат, 375 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4 миң 940 танк жана бронетехника, 837 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 392 гаубица жана минометтор, 5 миң 616 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар