Кытайдын мамлекет башчысы Россия менен карым - катнаштар тууралуу билдирди
Си менен Путин Өзбекстанда басма сөзгө жабык өткөн жолугушуудан мурда маалымат беришти.
Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде орус кесиптеши Владимир Путин менен өткөргөн жолугушууда Кытайдын «эки өлкөнүн негизги кызыкчылыктарына байланыштуу темаларда бири бирине күчтүү колдоо берүүгө даяр экендиги» тууралуу маалымат берди.
Өзбекстанда өткөн саммитте бетме-бет жолугушкан Си менен Путин Россия - Украина согушу башталган 24 - февралдан бери биринчи жолу жолугушту. Эки лидер февраль айында Пекинде өткөн Кышкы Олимпиада учурунда жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы «чексиз достукту» баса белгилешкен.
Си менен Путин Өзбекстанда басма сөзгө жабык өткөн жолугушуудан мурда маалымат беришти.
Орус лидери Тайвань маселесине байланыштуу : «АКШ жана анын жандоочуларынын Тайван кысыгындагы провокацияларын айыптайбыз»,-деди. Си болсо эки өлкөнүн ортосундагы негизги кызыкчылыктарга карата маселелер боюнча тилектештикке чакырды. Си : «Кытай эки өлкөнүн негизги кызыкчылыктарына байланыштуу темаларда бири бирине күчтүү колдоо берүү үчүн бирдикте иштешүүгө даярбыз»,- деди.
Си өзгөчө соода, айыл - чарба, тарнспорт менен коммуникациятармактарында прагматикалык кызматташууну тереңдетүүнү каалагандарын айтып : «Тарыхый өзгөрүүлөр болуп жаткан бир дүйнөдө Кытай чоң күчтөрдүн жоопкерчилиги менен хаоско каршы туруктуулукту түзүү жана позитивдүү энергия кошуу үчүн Россия менен бирдикте иштешүүгө даяр»,- деди.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.