Евробиримдик Орусияга каршы жеке санкцияларын узартты

Чектөө чараларынын мөөнөтүнүн 2023-жылдын 15-мартына чейин узартылганы белгиленди.

1880239
Евробиримдик Орусияга каршы жеке санкцияларын узартты

Евробиримдик Орусияга каршы жеке санкциялардын мөөнөтүн дагы алты айга узартууну чечти.

Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Украинанын жеринин бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын бузуудан жооптуу болгондорду бутага алган чектөө чараларынын мөөнөтүнүн 2023-жылдын 15-мартына чейин узартылганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Евробиримдик Орусиянын карапайым жарандарга жана жарандык инфраструктурага кол салуусун чечкиндүү түрдө айыптайт, ошондой эле Орусияны Украинадагы бардык аскерлерин жана аскердик техникасын дароо чыгарып кетүүгө чакырат»,-деп айтылды.

Жалпысынан 1206 киши жана 108 мекемеге багытталган чаралар, жеке адамдардын саякатка чыгуусуна чектөөлөрдү, активдерди тоңдуруу, тизмедеги жеке жана юридикалык жактарга акча каражаттарын же башка экономикалык ресурстарды берүүгө тыюу салууну камтыйт.

Евробиримдик Орусияга каршы санкция чечимин биринчи жолу Крымдын аннексиясынан кийин 2014-жылы кабыл алган.



Тектеш кабарлар