Эрдоган менен Путин жолугушуу өткөрөт

Юрий Ушаков журналисттерге маалымат берди.

1879559
Эрдоган менен Путин жолугушуу өткөрөт

(Орусиянын Президенттик сарайы) Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагындагы жолугушуусунда экономика баш болгон көптөгөн теманы сүйлөшө тургандарын айтты.

Юрий Ушаков журналисттерге Владимир Путиндин Өзбекстандын Самарканд шаарында 15-16-сентябрда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катыша тургандыгы боюнча маалымат берди.

Ушаков саммиттин алкагында Путиндин президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганын айтып: «Лидерлер телефон аркылуу тынымсыз диалог жүргүзүшүүдө. Түркия өтө позитивдүү роль ойноп жаткан дан сыяктуу көптөгөн темалар бар. Эрдоган менен Путиндин жолугушуусунда көп сандаган маселелер каралат. Самарканддагы жолугушуунун маанилүү бөлүгүн 5-июлда Сочиде жетишилген макулдашуулардын уландысы катары экономикалык маселелер түзөт»,-деди.



Тектеш кабарлар