Пашинян Азербайжан менен болгон кагылышта 49 киши каза болгонун билдирди

Пашинян Армения парламентинде сүйлөгөн сөзүндө бүгүн эртең менен Азербайжан менен кагылышуулардын ургаалдуулугу азайганын белгиледи.

1879311
Пашинян Азербайжан менен болгон кагылышта 49 киши каза болгонун билдирди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен болгон кагылышта 49 киши каза болгонун билдирди.

Пашинян Армения парламентинде сүйлөгөн сөзүндө бүгүн эртең менен Азербайжан менен кагылышуулардын ургаалдуулугу азайганын белгилеп: «Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бизде учурда 49 адам каза болду, бирок бул акыркы көрсөткүч эмес»,-деди.

Азербайжандын 2020-жылдын ноябрь айында жетишилген келишимдерге карата мамилесине макул эместигин билдирген Пашинян: «Аймактын бардык өлкөлөрү, анын ичинде Армения менен Азербайжан да бул жолдорду колдоно турган мамиле менен жолдорду ачууга даярбыз»,-деп айтты.

Пашинян ошондой эле Армениянын Коопсуздук кеңеши түндө чогулуп, таң атканга чейин кеңешүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

Пашинян жолугушуунун жыйынтыгында Армения өкмөтү Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) расмий кайрылууну чечкенине көңүл бурду.

Бир тараптан Армениянын премьер-министри Пашинян АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Азербайжан-Армения чек арасындагы кагылышууларга байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Армениянын премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Пашинян сүйлөшүүдө чек арадагы абалга байланыштуу тынчсыздануусун Блинкенге жеткирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен да абалдын мындан ары курчушун кабыл алынгыс деп эсептейт.

Блинкен АКШ кырдаалды стабилдештирүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин билдирди.

Армения өкмөтүнүн билдирүүсүндө Пашиняндын Евробиримдик (ЕБ) кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель жана Ирандын президенти Ибрахим Реиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Азербайжан-Армения чек арасындагы акыркы кагылышууларды талкуулаганы белгиленди.

Никол Пашинян Орусиянын президенти Владимир Путин жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Армения өкмөтүнүн билдирүүсүндө Пашиняндын Путин жана Макрон менен сүйлөшүүсүндө Азербайжан-Армения чек арасындагы соңку жаңжалдарды талкуулаганы айтылды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги кечээ кечинде Армения армиясынын чек аранын Дашкесен, Келбежер жана Лачын багыттарында кеңири провокация жасаганын жарыялады.

Азербайжан-Армения чек арасында эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнүн ортосунда катуу кагылышуу чыкты.



Тектеш кабарлар