Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

1878936
Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Харьков жана Херсон облустарындагы акыркы суткадагы кагылышууларда 300дөн ашуун украин аскери каза таап, 1000ге жакыны жарадар болгонун билдирди.

Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

Орус аба күчтөрү, ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн Харьковдогу украин позицияларына жогорку тактыктагы куралдар менен кол салганын белгилеген Конашенков, Украина армиясынын Изюм жана Купянск отурукташкан жерлеринде 250гө жакын аскеринен ажыраганын айтты.

Конашенков орус аба күчтөрүнүн Херсон облусунун Белогорка жана Костромка конуштарынын жанында Николай-Криворожский багытында украин аскер бөлүктөрүнө жогорку тактыктагы куралдар менен чабуул жасаганын билдирди.

Николаев облусундагы Вознесенск конушуна жакын жерде украина армиясына таандык 45 миң тонна ок-дары сакталган кампанын жок кылынганын кабарлаган Игорь Конашенков: «Акыркы суткада бул операциялардын багыттарындагы кагылышууларда Киев режиминин 300дөн ашуун жоокери набыт болуп, миңге жакыны жарадар болду»,- деди.

Конашенков Черкасск облусундагы Роги конушунун жанындагы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн мотоаткычтар резервинин бөлүктөрүнүн убактылуу жайгашкан пунктуна сокку ургандарын, Донецк облусундагы Константиновка, Артёмовск (Бахмут), Славянск конуштарында жана Запорожье областындагы Ольговскоеде башкаруу борборлорун талкалагандарын билдирди.

Орус басма сөз катчы: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 293 учак, 153 тик учак, 1938 учкучсуз учуучу аппарат, 374 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4 миң 891 танк жана бронетехника, 831 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 379 гаубица жана минометтор, 5 миң 499 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар