Германияда ПКК жактоочулары жөө жүрүш уюштуруп, бир түрк жаранына кол салышты

Германиянын полициясы жөө жүрүшкө катышкан ПКК тарапкерлеринин айрымдарын кармады.

1878535
Германияда ПКК жактоочулары жөө жүрүш уюштуруп, бир түрк жаранына кол салышты

Германияда террордун корбашчысы Абдуллах Өжаланга колдоо көрсөтүү үчүн жөө жүрүш уюштурган жикчил террордук уюм ПККнын жактоочулары түрк жаранына кол салышты.

Эссен шаарындагы жүрүштө ПКК тарапкерлери кызыл жарыкта күтүп турган жарандын унаасына таяк жана таш менен кол салышты.

Кол салуудан улам унаага чоң зыян келтирилген.

Германиянын полициясы жөө жүрүшкө катышкан ПКК тарапкерлеринин айрымдарын кармады.



Тектеш кабарлар