Тайвань: «Кытайдын мыйзам бузуулары уланууда»

Тайвандын Коргоо министрлиги аралдын айланасында Кытайдын 42 согуштук учагы, 1 аскердик учкучсуз учуучу аппарат жана 9 согуштук кеме көрүнгөнүн белгиледи.

1878434
Тайвань: «Кытайдын мыйзам бузуулары уланууда»

Тайвандын Коргоо министрлиги кечээ күнү, аралдын айланасында Кытайдын 42 согуштук учагы, 1 аскердик учкучсуз учуучу аппарат жана 9 согуштук кеме көрүнгөнүн белгиледи.

Министрликтин билдирүүсүндө, учактардын 17синин Тайвань кысыгындагы тараптардын таасир этүүчү аймактарын чектөөсү болжолдонгон аба жана деңиз сызыгынын чыгышына, 1 учак менен учкучсуз учуучу аппараттын Тайвань «Абадан коргонуунун идентификациялык аймагы» деп жарыялаган жердин түштүк-батыш тарабына учкандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, аралдын айланасында аныкталган 42 согуштук учак, 1 учкучсуз учак жана 9 кеменин электрондук байкоочу аппараттар, кайгуул учактары, кемелер жана жердеги ракета системалары менен байкалганы белгиленди.

Учуулар материктик Кытай менен Тайвандагы салттуу күздүн ортосундагы майрам фестивалына туш келди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин өткөн айдын башында жасаган сапарынан кийин Кытайдын Тайвандын айланасындагы аскердик патрулдук иш-аракеттерин жана Тайван кысыгын бөлүп турган номиналдык «ортоңку сызыктан» өткөн учууларды арттырганы байкалууда.

Пекин «бир Кытай принцибине» басым жасап, Тайвандын дүйнө өлкөлөрү менен көз карандысыз дипломатиялык мамиле түзүшүнө, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүгүнө каршы чыгып, аны тааныган өлкөлөрдөн Тайвань менен дипломатиялык мамилени үзүүнү талап кылууда.



Тектеш кабарлар